# Көтөрмө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-мартындагы № 23/3 "Айыл аймагында "Жашыл Мурас" улуттук өнөктүгүн ишке ашырууга каражат кароо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Көтөрмө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-мартындагы № 23/3 "Айыл аймагында "Жашыл Мурас" улуттук өнөктүгүн ишке ашырууга каражат кароо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 23/3
- Дата принятия: 13.03.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 13.03.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/178127>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14247/edition/1275486/ru>

> Текст приведён по редакции от 13.03.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Көтөрмө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-мартындагы № 23/3 "Айыл аймагында "Жашыл Мурас" улуттук өнөктүгүн ишке ашырууга каражат кароо жөнүндө" токтому (ред. от 13.03.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/178127

---

КӨТӨРМӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Көтөрмө айылдык кеңешинин кезексиз VII чакырылыш XХIII сессиясы 2023-жылдын 13-марты № 23/3 Айыл аймагында «Жашыл Мурас» улуттук өнөктүгүн ишке ашырууга каражат кароо жөнүндө Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-мартындагы №95-Т тескемеси, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 17-мартындагы №77-б буйругуна жана Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 10.03.2023-жылдагы №01-32/196 сандуу катына негиз Көтөрмө айылдык кеңешинин сессиясы

Токтом кылат:

1. “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн негизинде Көтөрмө айыл аймагында жер-жерлерде көчөттөрдү отургузуу, багбанчылык боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, чоң жолдун боюна, мекеме ишканалардын алдына декеративдүү жана ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрүн отургузуу, ишембиликтерди уюштуруу, актоо-сырдоо иштери жүргүзүлсүн.

2. Аталган иш чараларды жүргүзүү үчүн, айыл өкмөтүнүн бюджетинен 250 000 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Тишелүү каражатты бөлүп берүү жагы Көтөрмө айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы У. Мадумаровго тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Көтөрмө айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана социалдык өнүгүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана жаштар маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А. Бактыбаев
