# Кара-Ой айылдык кеңешинин 2021-жылдын 10-мартындагы № 07 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү ѳз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчѳтүү жѳнүндѳ жѳнүндѳ" токтому

- Полное наименование: Кара-Ой айылдык кеңешинин 2021-жылдын 10-мартындагы № 07 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү ѳз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчѳтүү жѳнүндѳ жѳнүндѳ" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 07
- Дата принятия: 10.03.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 10.03.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/178112>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14234/edition/1275448/ru>

> Текст приведён по редакции от 10.03.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Ой айылдык кеңешинин 2021-жылдын 10-мартындагы № 07 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү ѳз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчѳтүү жѳнүндѳ жѳнүндѳ" токтому (ред. от 10.03.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/178112

---

КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVII – чакырылышынын кезектеги кырк алтынчы сессиясы 2021-жылдын 10-марты № 07 Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү ѳз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчѳтүү жѳнүндѳ жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдыни 24-октябрындагы №309 Жарлыгына жана КР “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” мыйзамынын 13-беренесине ылайык, КР ЖӨБ Союзунун мүчѳсү болуп эсептелгендигине байланыштуу, Кара-Ой айылдык Кенешинин “Бюджет, финансы жана экономика” боюнча туруктуу комиссиясынын Кыргыз Республикасынынжергиликтүү ѳз алдынча башкарууларынын Союзу (мындан ары-КР ЖӨБ Союзу) менен кызматташтыкты күчѳтүү жана анын тийиштүү мүчѳлүк акыларын убагында тѳлѳѳ тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Ой айылдык кеңеши, токтом кылат:

1. Кара-ой айылдык кеңеши жана Кара-Ой айыл өкмөтү, КР мыйзамдарында, КР ЖӨБ Союзунун Уставында белгиленген тартипте кызматташууну күчѳтүү жана мындан ары ѳркүндѳтүү боюнча иш аракеттерди жүргүзсүн.

2. Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнѳ, КР ЖӨБ Союзу менен тараптардын ар биринин милдеттерин камтыган келишимди иштеп чыгып, кол коюу жагы тапшырылсын.

3. Кара-Ой айыл өкмөтүнө, жогорудагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде, КР ЖӨБ Союзуна мүчѳ болгондугуна байланыштуу, анын Уставына 3,7 пунктуна ылайык, ар бир жылдын биринчи кварталында айыл аймактын калкынын санынын ѳсүшүнѳ жараша ар бир жашоочуга 1(бир) сомдон кем эмес ѳлчѳмүндѳгү мүчѳлүк акыны жергиликтүү бюджеттин эсебинен КР ЖӨБ Союзунун эсептик счетуна которуп берүүгѳ уруксаат берилсигн.

4. Токтомду расмий булактарга жарыялоо, КР ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Р.Джамгырчиевага милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

6. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.

Төрага

Б.У. Усенбеков
