Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Чаткал айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 03.03.2023жылдагы №124 Токтомунун, Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысынын 04.04.2023-жылдагы №84-б буйругунун талаптарын аткарууга алуу боюнча Чаткал айыл өкмөтүнүн сунушун короо жөнүндө» токтому
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Чаткал айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХIХ - сессиясы 2023-жылдын 17-апрели № 2 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 03.03.2023жылдагы №124 Токтомунун, Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысынын 04.04.2023-жылдагы №84-б буйругунун талаптарын аткарууга алуу боюнча Чаткал айыл өкмөтүнүн сунушун короо жөнүндө КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №124 “Беш-Арал” мамлекеттик коругунун аймагында жайгашкан жалпы аянты 200,0га “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери” категориясындагы жер застава куруу жана жолду реконструкциялоо үчүн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү токтомунун талаптарын аткарууга алуу боюнча “Беш Арал” мамлекеттик коругуна жанаша жайгашкан жерлерден компенсация катары 200,0га жер тилкесин бөлүп берүү боюнча Чаткал айыл өкмөтунүн сунушун угуп талкуулап “Беш-Арал” мамлекеттик коругунун жетекчисинин беген түшүндүрмөлөрүн, Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысынын 04.04.2023-жылдагы “84-б буйругунун талаптарын эске алуу менен Чаткал айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIХ - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чатакал айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу эске алынсын.
2. Беш-Арал мамлекеттик коругунун жалпы аянты 200,0га “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери” категориясындагы жер застава куруу жана жолду реконструкциялоо үчүн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына (трансформацияланып) өтуп жаткандыгына байланыштуу “Беш арал “ мамлекеттик коругуна компенсация катары, аталган корукка жанаша жайгашкан Кен-Булун участогунун жогорку бөлүгүндөгү “Арасай” участкасынан (экспликацияга ылайык) айыл чарбасынын жайыт эсебиндеги жер тилкесинен 200,0га жер “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери” категориясына которулуп (трансформацияланып) компенсацияланышына макулдук берилсин.
3. Чаткал айыл өкмөтунун башчысы Ө.Токтогуловго:
- Чаткал райондук Кадастр мамлекеттик мекемеси менен жерди эсепке алуу документтерин тактап тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү.
- “Беш арал” мамлекеттик коругунан 200,0га “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери” категориясындагы трансформацияланып “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулуп өткөн жер участогун максатуу багыты боюнча пайдаланууну камсыздоо жагы жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Чаткал айылдык Кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К. Оморовго милдеттендирилсин.
Чаткал айылдык кеңешинин төрагасы:
М.Козубаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 124 О переводе (трансформации) земель, расположенных на территории государственного заповедника…Постановление · 03.03.2023 · № 124 · Утратил силу