# Сарай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 7-февралындагы № 11 "Сарай айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Сарай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 7-февралындагы № 11 "Сарай айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 11
- Дата принятия: 07.02.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 07.02.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/177964>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14092/edition/1273246/ru>

> Текст приведён по редакции от 07.02.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Сарай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 7-февралындагы № 11 "Сарай айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 07.02.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/177964

---

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги XVII сессиясы 2023-жылдын 7-февралы № 11 Сарай айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Агенттигинин 2022-жылдын 20-декабрындагы № 279-б буйругун, Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары У.Мадымаровдун сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Сарай айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын типтүү Уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Сарай айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставынын айрым жоболорун турмушка ашыруу боюнча усулдук көрсөтмөлөр 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Координациялоо жана колдоо бөлүмү Сарай айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын Агенттиктин сайтына жайгаштырылсын.

4. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сарай айылдык кеңешинин укук коргоо, коомдук тартипти сактоо, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Сарай айылдык кеңешинин төрагасы:

А. Салимов
