Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Сарай айылдык кеңешинин «Сарай айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын уставын бекитүү жөнүндө» токтому
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги XVII сессиясы 2023-жылдын 7-февралы № 11 Сарай айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Агенттигинин 2022-жылдын 20-декабрындагы № 279-б буйругун, Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары У.Мадымаровдун сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сарай айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын типтүү Уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Сарай айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставынын айрым жоболорун турмушка ашыруу боюнча усулдук көрсөтмөлөр 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Координациялоо жана колдоо бөлүмү Сарай айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын Агенттиктин сайтына жайгаштырылсын.
4. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сарай айылдык кеңешинин укук коргоо, коомдук тартипти сактоо, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы:
А. Салимов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Сарай айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын (Сарай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 7-февралындагы № 11 токтомуна ылайык) Типтүү УставыТиповой Устав · 07.02.2023 · № 11