# Сарай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 3 "Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Присавай айылындагы №131 негизги мектебине балдар үчүн ашкана куруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Сарай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 3 "Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Присавай айылындагы №131 негизги мектебине балдар үчүн ашкана куруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3
- Дата принятия: 18.11.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 18.11.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/177950>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14078/edition/1273114/ru>

> Текст приведён по редакции от 18.11.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Сарай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 3 "Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Присавай айылындагы №131 негизги мектебине балдар үчүн ашкана куруу жөнүндө" токтому (ред. от 18.11.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/177950

---

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XVI сессиясы 2022-жылдын 18-ноябры № 3 Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Присавай айылындагы №131 негизги мектебине балдар үчүн ашкана куруу жөнүндө Сарай айыл өкмөтүнүн Присавай айылындагы ата-энелердин суроо-талаптарын эске алып, мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылуу максатында Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык кеңеши токтом кылат;

1. Сарай айыл өкмөтүнүн Присавай айылындагы ата-энелердин суроо-талаптарын эске алып, мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылуу үчүн мектепке ашкана курууга уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы №376 токтомуна жана “Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө Типтүү Жобого” ылайык Кара-Суу районунун өнүктүрүү фондуна айыл өкмөтүнүн долбоорун киргизүү Сарай айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча жетектөөчү адиси Э.Токуровго жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Сарай айылдык кеңешинин төрагасы

А.Салимов
