Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Нарын шаардык кеңешинин «Жергиликтүү бюджеттин 2022-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен акча каражатын бөлүү жөнүндө» токтому
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 5-августу № 6 Жергиликтүү бюджеттин 2022-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен акча каражатын бөлүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-февралындагы №17 тескемесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы №738 “Республикалык бюджеттик каражаттарынын эсебинен каржыланган уюмдар тарабынан жумушкерлердин башка жерге ишке которулгандыгына блайланыштуу алардын чыгымдарынын ордун жабуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №234 токтомдорун жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын 2022-жылдын 7-июнундагы №01-22/1356 жана 2022-жылдын 26-июлундагы 01-22/1852 чыгыш катынын негизинде шаардык Кеңештин алдындагы тийиштүү туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Жергиликтүү бюджеттин “калдыктар” беренесинин эсебинен төмөндөгү акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берилсин:
- Нарын шаарынын мэри Тутуев Канболот Мусаевичтин учурда жашап жаткан батиринин ижара акысына 2022-жыл үчүн айына 11 000 (он бир миң) сомдон, жалпы 121 000 (жүз жыйырма бир миң) сом;
- “Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” филиалы менен бирдикте Нарын шаардык мэриясынын балансасындагы электр отканаларды катуу көмүр-отунга пландуу өткөрүүнү жүзөгө ашыруу үчүн 6 420 000 (алты миллион төрт жүз жыйырма миң) сом.
2. Бөлүнгөн акча каражатын шаардык мэриянын буйругунун негизинде бөлүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А.Молдосалиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 30 апреля 2022 года № 234 "О подготовке отраслей экономики и населения Кыргызской Республики к осенне-зимнему периоду…Постановление · 30.04.2022 · № 234 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 26 декабря 2014 года № 738 "Об утверждении Порядка возмещения организациями, финансируемыми за счет средств республиканского бюджета, расходов…Постановление · 26.12.2014 · № 738 · Утратил силу