# Нарын шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-августундагы № 3 "Нарын шаарына электробустарды алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Нарын шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-августундагы № 3 "Нарын шаарына электробустарды алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3
- Дата принятия: 05.08.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 05.08.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/177914>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14042/edition/1272550/ru>

> Текст приведён по редакции от 05.08.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Нарын шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-августундагы № 3 "Нарын шаарына электробустарды алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (ред. от 05.08.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/177914

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 5-августу № 3 Нарын шаарына электробустарды алууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ийгиликтүү ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №242-т тескемесине, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу финансы-кредиттик фондунун жана Нарын шаардык мэриясынын 2022-жылдын 15-июлундагы №01-22/1768 чыгыш каттарына ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Экологиялык таза шаардык коомдук транспортту ишке киргизүү максатында Нарын шаарына республикалык бюджеттен бюджеттик кредиттер аркылуу 76,0 млн.сомдук 5 (беш) бирдик электробустарды жана кубаттагыч инфратүзүмүн бөлдүрүп алууга макулдук берилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

Төрага

А.Молдосалиев
