Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Талас шаардык кенешинин «Талас шаарындагы муниципалдык ишканаларында эмгектенген кызматчыларга (жумушчуларга)эмгек акы төлөө шарттары тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө» токтому
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезексиз XXV сессиясы 2023-жылдын 6-июлу №181/25-8 Талас шаарындагы муниципалдык ишканаларында эмгектенген кызматчыларга (жумушчуларга)эмгек акы төлөө шарттары тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №433 сандуу “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүңдө” токтому жана Талас шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 5-июлундагы №01-19/1769 сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук, укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” жана “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссияларынын протоколдук сунуштарын карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын мэриясынын “Талас шаарындагы муниципалдык ишканаларында эмгектенген кызматчыларга (жумушчуларга) эмгек акы төлөө шарттары тууралуу” Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук, укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (К.Карагулова) жана “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.
4. Ушул жобо, кабыл алынган токтом Талас шаарынын сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлгөн күндөн баштап күчүнө кирет.
Тѳрага
К.Джаныбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 2 · связанные 0
Цитируется в (2)
- Талас шаарындагы муниципалдык ишканасында эмгектенген кызматчыларга (жумушчуларга) эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө (Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын 6-июлундагы №181/25-8…Положение · 06.07.2023 · № 181/25-8
- Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2024-жылдын 10-майындагы № 241/34-8 "Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын 6-июлундагы №181/25-8 сандуу токтому менен бекитилген…Постановление · 10.05.2024 · № 241/34-8