# Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2021-жылдын 17-августу № 4/18 "Миӊ-Булак айыл аймагынын жайыт ресурстарынын мал жаюу менен байланышпаган, башка багыттарга пайдалануунун бир жылдык ижара наркын бекитүү жөнүндө"

- Полное наименование: Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2021-жылдын 17-августу № 4/18 "Миӊ-Булак айыл аймагынын жайыт ресурстарынын мал жаюу менен байланышпаган, башка багыттарга пайдалануунун бир жылдык ижара наркын бекитүү жөнүндө"
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4/18
- Дата принятия: 17.08.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 17.08.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/150039>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-13977/edition/1132386/ru>

> Текст приведён по редакции от 17.08.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2021-жылдын 17-августу № 4/18 "Миӊ-Булак айыл аймагынын жайыт ресурстарынын мал жаюу менен байланышпаган, башка багыттарга пайдалануунун бир жылдык ижара наркын бекитүү жөнүндө" (ред. от 17.08.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/150039

---

МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Мин-Булак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын 2021-жылдын 17-августу № 4/18 Миӊ-Булак айыл аймагынын жайыт ресурстарынын мал жаюу менен байланышпаган, башка багыттарга пайдалануунун бир жылдык ижара наркын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январы № 30 Жайыттар жөнүндө мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын окмотунун 2016-жылдын 5-январы № 1 токтомуна ылайык «Жайыт ресурстарынын мал жаюу менен байланышпаган, башка багыттарга пайдалануунун бир жылдык ижара наркын бекитүү жөнүндө » Мин-Булак айылдык кещеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январы № 30 Жайыттар жөнүндө мыйзамынын 10-беренесинин 5-пунктуна ылайык Жайыттарды башка максаттарда пайдаланганы үчүн жыйым жайыт кыртышын бузууга алып келген участоктордо - мыйзамдарда белгиленген айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерине ылайык бекитилсин.

2. Токтомдун 1.пунктундагы мыйзамдарда белгиленген айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдери Кыргыз Республикасынын окмотунун 2016-жылдын 5-январы № 1 токтомунун 3-пунктуна ылайык жайыт жерин башка максатта пайдалануудан алынбай калган пайда 1 га жер аянтына 90сом, ошол эле учурда алынбай калган пайданын суммасы - 49 (жер участогу пайдаланууга берилген учурда) жана 99 (жер участогу менчикке берилген учурда) коэффициентин колдонуу менен эсептелсин.

3. Бул токтомду веб-сайтка жарыялоо жагы Мин-Булак айылдык кенешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.

4. Бул токтомду аткаруу жагы Жайыт комитетинин торагасы Т. Чаргыновго милдеттендирилсин.

Төрага:

Жамангулов А.
