Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин «Миӊ-Булак айыл аймагынын жайыт ресурстарынын мал жаюу менен байланышпаган, башка багыттарга пайдалануунун бир жылдык ижара наркын бекитүү жөнүндө»
МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Мин-Булак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын 2021-жылдын 17-августу № 4/18 Миӊ-Булак айыл аймагынын жайыт ресурстарынын мал жаюу менен байланышпаган, башка багыттарга пайдалануунун бир жылдык ижара наркын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январы № 30 Жайыттар жөнүндө мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын окмотунун 2016-жылдын 5-январы № 1 токтомуна ылайык «Жайыт ресурстарынын мал жаюу менен байланышпаган, башка багыттарга пайдалануунун бир жылдык ижара наркын бекитүү жөнүндө » Мин-Булак айылдык кещеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январы № 30 Жайыттар жөнүндө мыйзамынын 10-беренесинин 5-пунктуна ылайык Жайыттарды башка максаттарда пайдаланганы үчүн жыйым жайыт кыртышын бузууга алып келген участоктордо - мыйзамдарда белгиленген айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерине ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун 1.пунктундагы мыйзамдарда белгиленген айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдери Кыргыз Республикасынын окмотунун 2016-жылдын 5-январы № 1 токтомунун 3-пунктуна ылайык жайыт жерин башка максатта пайдалануудан алынбай калган пайда 1 га жер аянтына 90сом, ошол эле учурда алынбай калган пайданын суммасы - 49 (жер участогу пайдаланууга берилген учурда) жана 99 (жер участогу менчикке берилген учурда) коэффициентин колдонуу менен эсептелсин.
3. Бул токтомду веб-сайтка жарыялоо жагы Мин-Булак айылдык кенешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Жайыт комитетинин торагасы Т. Чаргыновго милдеттендирилсин.
Төрага:
Жамангулов А.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства КР от 5 января 2016 года № 1 "Об утверждении нормативов стоимости возмещения потерь сельскохозяйственного производства и использовании средств…Постановление · 05.01.2016 · № 1
- Закон «О пастбищах»Закон · 26.01.2009 · № 30 · Утратил силу