Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Токтогул шаардык кеңешинин 2021-жылдын 4 февралындагы № 02 «Кызматкерлердин типтүү түзүмүн жана штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө» токтому
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы 2021-жылдын 4 февралы № 02 Кызматкерлердин типтүү түзүмүн жана штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.08.2011-жылдагы № 451, 452 токтомдоруна ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы М.Н.Жусупахуновдун, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун, ФЭБ башчысы Н.Кулузакованын сунуштары боюнча Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин, анын негизинде штаттардын сан эсеби төмөндөгүдөй бекитилсин.
2. Токтогул шаардык мэриясы боюнча:
Жооптуу кызматкерлер - 16 штаттык бирдик; Тейлөөчү кызматкер - 3 штат; Жалпы: 19 штат бирдиги (КР Өкмөтүнүн токтому 2011-жыл 05-август № 451)
3. Токтогул шаардык кеңеши боюнча:
Жооптуу кызматкерлер - 4 штаттык бирдик; Тейлөөчү кызматкер -2 штат; Жалпы: 6 штаттык бирдиги (КР Өкмөтүнүн токтому 2011-жыл 05-август № 452) Анын ичинен: 2021-жылдын 1-январынан баштап 2021-жылдын 31-декабрына чейин, Токтогул шаардык кеңешинин иш кагаздарын жүргүзүүчүсү Адылова Айгерим Адыловна Токтогул шаардык мэриясында иш кагаздарын жүргүзүүчү милдеттерин убактылуу аткаруу үчүн жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом менен бекитилген штат бирдиктерине ылайык иш алып баруу жагы Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков), ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) милдеттендирилсин.
5. Токтом кыргыз тилинде кабыл алынды.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
2. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
3. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага
М. Жусупахунов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства КР от 5 августа 2011 года №452 "Об утверждении типовых структур и штатной численности аппаратов городских кенешей городов республиканского…Постановление · 05.08.2011 · № 452 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 5 августа 2011 года №451 "Об утверждении типовой структуры и штатной численности исполнительного органа местного самоуправления Кыргызской…Постановление · 05.08.2011 · № 451 · Утратил силу
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу