# Могол айылдык кеңешинин 2020-жылдын 25-декабрындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү жөнүндө." токтому

- Полное наименование: Могол айылдык кеңешинин 2020-жылдын 25-декабрындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү жөнүндө." токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 6
- Дата принятия: 25.12.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 25.12.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/140178>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-13717/edition/1098934/ru>

> Текст приведён по редакции от 25.12.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Могол айылдык кеңешинин 2020-жылдын 25-декабрындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү жөнүндө." токтому (ред. от 25.12.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/140178

---

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI – сессиясынын 2020-жылдын 25-декабры № 6 Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү жөнүндө. Могол айылдык Кенешинин мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Мамарасуловдун Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу (мындан ары-) менен кызматташтыкты күчөтүү жана анын тийиштүү мүчөлүк акыларын убагында төлөө туралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 24-октябрындагы №309 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесине ылайык КР ЖӨБ Союзунун мүчөсү болуп эсептелгендиктен, Могол айылдык Кеӊешинин VII -чакырылышынын кезектеги ХХVI -сессиясы токтом кылат:

1. Могол айылдык Кеӊеши жана Могол айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, КР ЖӨБ Союзунун Уставында белгиленген тартипте кызматташууну күчөтүү жана мындан ары өркүндөтүү боюнча иш аракеттерди жүргүзсүн.

2. Могол айыл өкмөтүнө КР ЖӨБ Союзу менен тараптардын ар биринин милдеттерин камтыган кел ишимди иштеп чыгып, кол коюу жагы тапшырылсын.

3. Могол айыл өкмөтүнө жогорудагы ченемдик укуктук актылардын негизинде КР ЖӨБ Союзуна мүчө болгондуктан анын Уставынын 3.7 пунктуна ылайык, ар бир жылдын биринчи кварталында айыл аймактын калкынын санынын өсүшүнө жараша ар бир жашоочуга 1 сомдон кем эмес өлчөмүндөгү мүчөлүк акыны жергиликтүү бюджеттин эсебинен КР ЖӨБ Союзунун эсептик счетуна которуп берүүгө уруксат берилсин.

4. Токтомду расмий булактарга жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Могол айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Б.Алыбаевага милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Могол айылдык Кенешинин төрагасы

Т. Омурзаков
