Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Могол айылдык кеңешинин «Ачы токой чарбасынын комиссия курамына киргизүү жөнүндө.» токтому
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Могол айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV– сессиясы 2021-жылдын 18-августу № 7 Ачы токой чарбасынын комиссия курамына киргизүү жөнүндө. Ачы токой чарбасынын 2021-жылдын 17-августундагы №01-9/83 каты менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-апрелиндеги №192-токтомунун талабына ылайык мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануучуларга конкурстун негизинде берүү үчүн комиссиянын курамына төмөндөгү депутаттар киргизилсин:
Чарбак, Кызыл-Суу айылына- А.Аташов. Ооган-Талаа айылына – Г.Тойгонбаева. Көк-Тонду айылына - Г.Жумалиева. Чкалов айылына – Абдашим у Жандар
2. Ачы токой чарбасынын карамагындагы мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануучуларга берүүдө көрсөтүлгөн айылдык Кеӊештин депутаттарын конкурстук комиссияга киргизүү Ачы токой чарбасынын директоруна сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык азык түлүк, токойчулук жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы
А. Мамарасулов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.