Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Көк-Бел айылдык кеңешинин «Көк-Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки аткарылышы жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынт ыгындагы жетишпестиктерди карап чыгуу жөнүндө» токтому
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Бел айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы 2017-жылдын 30-июну № XIV-03 Көк-Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки аткарылышы жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынт ыгындагы жетишпестиктерди карап чыгуу жөнүндө Көк-Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгындагы финансылык катачылыктарды карап чыгып депутаттардын Көк-Бел айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергилдиктүү бюджеттин киреше жана чыгаша тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана нормативдик укуктук актыларына негиздеп түзүп, бюджеттен эффективдүү жана үнөмдүү пайдаланышын камсыз кылуу үчүн бекитилген методикалык көрсөтмөлөр менен иш алып барууда финансылык тартип бузууларга жол бергендиги эске алынсын.
2. Бюджеттик каражаттарды максатсыз чыгымдоого жол берилбесин жана максатсыз чыгымдалган 28,9 миң сом бюджеттик каражаттар Республикалык бюджеттин эсебине 2017-жылдын 3-кварталынан которулсун.
3. Ар түрдүү чарбалык жумуштарга келишим менен төлөнгөн эмгек акылардан Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жана Кыргыз Республикасынын «Социалдык камсыздоо жөнүндө» мыйзамынын негизинде киреше салыгы жана социалдык фондко болгон төлөмдөр кармалсын. Ошондой эле чегерилбей калган 43,9 миң сомдук Социалдык Фондко төлөмдөр жана 39,5 ми сом киреше салыгы тийиштүү бюджеттерге жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2017-жылдын 3-кварталына которулсун.
4. Эсеп – кысап иштерин жана кемчилдиктерди айыл өкмөттүн жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына ушул жылдын аягына чейин четтетүү жагы милдеттендирилсин.
5. Аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгындагы киреше салыктын эсебине кошумча эсептелинген жана соц.фондго кошумча чегерүүнү жана айыл өкмөтүндө түрдүү кызмат көрсөтүүлөрдөн келишимдер менен жүргүзүлгөн жумуштардын эсеп кысабын көзөмөлгө айыл өкмөттүн жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы алсын жана мындан ары кошумча эсептөөлөргө жол бербөө боюнча иш-чараларды жүргүзүшсүн.
6. Сапар чыгымдарын төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-майындагы № 241 «Сапар чыгымдарынын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толутуруунун тартиби жөнүндөгү» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.
7. Аудиттик текшерүүдөн өткөн айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине:
- бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу;
- эмгек акыларды эсептөөнү нормативдик актыларга жана тарификацияны негиздеп эсептөө жана тарификацияны туура түзүү;
- дебитордук жана кредитордук карыздарды кыскартуу боюнча катуу чара колдонуу, мындан ары дебитордук карыздарды жаап жашырууга жол бербөө;
- Электр жарыгын пайдаланууда КРнын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген тартиптин негизинде белгиленген лимиттен ашыкча пайдаланууга жол бербөө;
- айыл өкмөттүн жана айылдык Кенештин иш кагаздарын жүргүзүү КРнын нормативдик актылары менен белгиленген тартиптерде жүргүзүү;
- жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (жайыт комитетинин) карамагындагы жайыттарды натыйжалуу пайдалануу көзөмөлгө алынып, жайыттан түшкөн каражаттардын толук жыйналышы жана аларды максаттуу пайдаланышы боюнча отчет айылдык Кеңеште уктуруу;
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин экономика бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
А.А. Раев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 11 мая 2016 года № 241 "О внесении изменений и дополнения в постановление Правительства Кыргызской Республики «Об установлении норм…Постановление · 11.05.2016 · № 241 · Утратил силу