# Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-февралындагы № 10 "Күн-Чыгыш айыл өкмөтү боюнча айрым салыктардын зоналдык коэфицентин көтөрүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-февралындагы № 10 "Күн-Чыгыш айыл өкмөтү боюнча айрым салыктардын зоналдык коэфицентин көтөрүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 10
- Дата принятия: 24.02.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 24.02.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/137854>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-13531/edition/1270251/ru>

> Текст приведён по редакции от 24.02.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-февралындагы № 10 "Күн-Чыгыш айыл өкмөтү боюнча айрым салыктардын зоналдык коэфицентин көтөрүү жөнүндө" токтому (ред. от 24.02.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/137854

---

КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ VII-чакырылышынын XXIV- сессиясы 2023-жылдын 24-февралы № 10 Күн-Чыгыш айыл өкмөтү боюнча айрым салыктардын зоналдык коэфицентин көтөрүү жөнүндө Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында 2023-жылдын 1-январынан тартып, салыктарга эсептелинүүчү зоналдык коэфицентти 1,6 коэфицентке көтөрүү боюнча Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы В.Абдулдаеванын, кирешелер боюнча башкы адис Г.Оморованын маалыматын угуп жана талкуулап, Күн-Чыгыш айылдык кеңеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1.Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 404-беренесинин 4 пунктуна ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып, Күн-Чыгыш айыл өкмөтү боюнча салыктарга эсептелинүүчү зоналдык коэфицент 1,6 болуп бекитилсин.

2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Б.Шыгаевага тапшырылсын.

Төрага

К. Карыпов
