# Кара-Бак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 27 "Кара-Бак айылдык аймагында коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясын (АКИА) каттоо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кара-Бак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 27 "Кара-Бак айылдык аймагында коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясын (АКИА) каттоо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 27
- Дата принятия: 31.03.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 31.03.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/137842>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-13521/edition/1270241/ru>

> Текст приведён по редакции от 31.03.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Бак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 27 "Кара-Бак айылдык аймагында коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясын (АКИА) каттоо жөнүндө" токтому (ред. от 31.03.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/137842

---

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII cессиясы 2023-жылдын 31-марты № 27

Кара-Бак айылдык аймагында коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясын (АКИА) каттоо жөнүндө АРИСтин “CASA-1000” Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо долбоорунун алкагында Айылдык коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясы (АКИА) түзүлгөндүгү тууралуу Айылдык коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясынын төрайымы М.Надированын жана Кара-Бак айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн талкуулап, Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Баткен Облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясынын Уставына ылайык иш жүргүзүү аймагы Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын чек ара аймагы болуп аныкталсын.

2.АРИСтин “CASA-1000” Жергиликтүү коммчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо долбоорунун алкагында Айылдык коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы №625, 2012-жылдын 21-ноябрындагы №782 редакцияланган “Кыргыз Республикасында аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин жөнгө салуу жоболорду бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык Баткен районунун Кара-Бак айылдык кеңешинде Кара-Бак айылдык коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясы каттоого алынсын.

3.Айылдагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясы (АКИА) менен иш алып барууну көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Каламбековго тапшырылсын.

Айылдык кеңештин төрайымы Ж.Шадиманова
