Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кара-Бак айылдык кеңешинин «Кара-Бак айылдык аймагында коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясын (АКИА) каттоо жөнүндө» токтому
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII cессиясы 2023-жылдын 31-марты № 27
Кара-Бак айылдык аймагында коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясын (АКИА) каттоо жөнүндө АРИСтин “CASA-1000” Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо долбоорунун алкагында Айылдык коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясы (АКИА) түзүлгөндүгү тууралуу Айылдык коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясынын төрайымы М.Надированын жана Кара-Бак айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн талкуулап, Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен Облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясынын Уставына ылайык иш жүргүзүү аймагы Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын чек ара аймагы болуп аныкталсын.
2.АРИСтин “CASA-1000” Жергиликтүү коммчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо долбоорунун алкагында Айылдык коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы №625, 2012-жылдын 21-ноябрындагы №782 редакцияланган “Кыргыз Республикасында аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин жөнгө салуу жоболорду бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык Баткен районунун Кара-Бак айылдык кеңешинде Кара-Бак айылдык коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясы каттоого алынсын.
3.Айылдагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясы (АКИА) менен иш алып барууну көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Каламбековго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы Ж.Шадиманова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.