# Сары-Булуң айылдык кеңешинин 2022-жылдын 11-августундагы № 22 "Сары-Булуң айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын" бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Сары-Булуң айылдык кеңешинин 2022-жылдын 11-августундагы № 22 "Сары-Булуң айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын" бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 22
- Дата принятия: 11.08.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 11.08.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/137773>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/137773/edition/1267029/ru>

> Текст приведён по редакции от 11.08.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Сары-Булуң айылдык кеңешинин 2022-жылдын 11-августундагы № 22 "Сары-Булуң айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын" бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 11.08.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/137773

---

САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Сары-Булуң айылдык кеңешинин VIII- шайланышынын кезексиз чакырылышынын - XVI сессиясы 2022-жылдын 11-августу № 22 «Сары-Булуң айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депуттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, Сары-Булуң айылдык кенешинин Регламент депутаттык этика , жаштар,спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Сары-Булуң айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып, Сары-Булуң айылдык кеңешинин VIII- шайланышынын кезексиз XVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркемедеги Сары-Булуң айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом жана Сары-Булуң айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Сары-Булуң айыл өкмөтүнө караштуу www.sary-bulun.org.kg веб-сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Булуң айылдык кеңешинин Регламент депутаттык этика , жаштар,спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрайым

В.М.Эпээва
