Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Таш айылдык кеңешинин «Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИАны) каттоодон өткөрүү жана ассоциациясынын иштөө аймагын Уставын бекитүү жөнүндө» токтому
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Ак-Таш айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы 2023-жылдын 17-марты № 8/5 Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИАны) каттоодон өткөрүү жана ассоциациясынын иштөө аймагын Уставын бекитүү жөнүндө Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагынынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИАны) каттоодон өткөрүү жана ассоциациясынын иштөө аймагын аныктап бекитүү жана АКИАнын Уставы менен таанышып жана талкуулап Ак-Таш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы (АКИА) Ак-Таш айылдык кеңеши тарабынан каттоодон өткөрүлсүн.
2. Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИАнын) иштөө аймагы катары бекитилип, АКИАга Ак-Таш айыл аймагынын чегинде иш алып барууга уруксат берилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ак-Таш айылдык кеңешинин регламентине ылайык Адилет министрлигинин нормативдик-укуктук актыларды каттоо реестринен каттоодон өткөрүү айылдык кеңештин жооптуу катчысына тапшырылсын.
4. Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИАнын) аткаруу комитетинин иш аракеттерине жакындан жардам берүү, тыгыз иш алып баруу жана көмөк көрсөтүү айыл аймактын башчысына тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айылдык кеңешинин социалдык маданий маселелер, спорт, маданият жана дин иштери жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы
А.Аматов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.