# Тѳрт-Күл айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 18 "Жумушсуздук боюнча каттоодо турган айыл аймагынын тургундарына, коомдук иште иштеген эмгеги үчүн кошумча акы тѳлѳѳ жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Тѳрт-Күл айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 18 "Жумушсуздук боюнча каттоодо турган айыл аймагынын тургундарына, коомдук иште иштеген эмгеги үчүн кошумча акы тѳлѳѳ жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 18
- Дата принятия: 22.02.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 22.02.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/137595>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-13306/edition/1265683/ru>

> Текст приведён по редакции от 22.02.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Тѳрт-Күл айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 18 "Жумушсуздук боюнча каттоодо турган айыл аймагынын тургундарына, коомдук иште иштеген эмгеги үчүн кошумча акы тѳлѳѳ жөнүндө" токтому (ред. от 22.02.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/137595

---

ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XI сессиясы 2023-жылдын 22-февралы № 18 Жумушсуздук боюнча каттоодо турган айыл аймагынын тургундарына, коомдук иште иштеген эмгеги үчүн кошумча акы тѳлѳѳ жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, айыл Ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы А.Дүйшембиеванын Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги №208 токтомуна ылайык “Акы тѳлѳнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу жѳнүндѳ” ЖОБОсуна ылайык, Тоӊ райондук эмгек жана социалдык ѳнүгүү башкармалыгында жумушсуздук боюнча каттоодо турган айыл аймагынын тургундарына, коомдук иште иштеген эмгеги үчүн кошумча акы тѳлѳѳ жөнүндө сунушун угуп, талкуулап айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тоӊ райондук эмгек жана социалдык ѳнүгүү башкармалыгында, жумушсуздук боюнча каттоодо турган Тѳрт-Күл айыл Ѳкмѳтүнүн тургундары, айыл аймагынын коомдук иштерине тартылган ар бир жаранга кошумча 300 сомдон эмгек акы тѳлѳнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы айыл Ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы А.Дүйшембиевага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Зарнаевге тапшырылсын.

Айылдык кеңештин төрагасы

М.Жунушалиев

Катчысы

Г.Садырова
