# Тѳрт-Күл айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 15 "Ѳз ара салык жана коеффициент жѳнүндѳ" токтому

- Полное наименование: Тѳрт-Күл айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 15 "Ѳз ара салык жана коеффициент жѳнүндѳ" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 15
- Дата принятия: 22.02.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 22.02.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/137592>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-13303/edition/1265673/ru>

> Текст приведён по редакции от 22.02.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Тѳрт-Күл айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 15 "Ѳз ара салык жана коеффициент жѳнүндѳ" токтому (ред. от 22.02.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/137592

---

ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XI сессиясы 2023-жылдын 22-февралы № 15 Ѳз ара салык жана коеффициент жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык жана жергиликтүү элдин жашоо шарттарын оңдоо максатында Тѳрт-Күл айыл Ѳкмѳтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси М.Жамылованын сунушун угуп, талкуулап Тѳрт-Күл айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Тѳрт-Күл айыл аймагында жашаган ар бир түтүн ээлеринин ѳз ара салыгы буга чейин бекитилген тарифи калтырылып 2023-жылга 70 (жетимиш) сомдон алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 23-мартындагы №57 мыйзамынын 5-сатьясынын негизинде калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди максаттуу пайдалангандыгы үчүн жер салыгын дифференциялоо үчүн Айыл чарба багытындагы эмес жерледин салыгы 1.2 ден 2 коэффициентке кѳтѳрүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышы айыл Ѳкмѳтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси М.Жамыловага милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Тѳрт-Күл айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Зарнаевге тапшырылсын.

Айылдык кеңештин төрагасы

М.Жунушалиев

Катчысы

Г.Садырова
