Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин «Миң-Булак айыл аймагына тийешелүү болгон жер аянттарын жеке менчикке бөлүп берүү жөнүндө» токтому
МИӉ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезектүү II сессиясы 2022-жылдын 25-апрели № 13/55 Миң-Булак айыл аймагына тийешелүү болгон жер аянттарын жеке менчикке бөлүп берүү жөнүндө Күн тартибиндеги маселе боюнча Миң-Булак айылдык кеңешинин төрагасы А.Жамангуловдун баяндамасмын угуп жана талкуулап, депутаттардан Миң-Булак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү II сессиясы токтом кылат.
1. Кыргыз Республикасынын үкмөтүнүн 2005-жылдын 30-июнундагы №276, 2010-жылдын 18-сентябрындагы №210 токтомдорунун редакцияларына ылайык, «Жеке менчике турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө» жобосунун, «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн өлчөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдары аныкташат» деген 5-пунктуна ылайык каралсын.
2.Миң-Булак айыл аймагына тийешелүү болгон жер аянттарын жеке менчикке бөлүп берүүдө 0,15 га чейин бөлүнүп берилсин.
3.Токтомду каттоодон өткөрүп minbulak.org. kg сайтына жарыялоо жагы кеңнштин катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.
4.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага:
А.Жамангулов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.