# «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагында ишке ашыруу жана айыл аймагынын калкынын экономикалык абалын жакшыртуу боюнча (Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-мартындагы № 12/49 токтомуна ылайык) Жобосу

- Полное наименование: «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагында ишке ашыруу жана айыл аймагынын калкынын экономикалык абалын жакшыртуу боюнча (Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-мартындагы № 12/49 токтомуна ылайык) Жобосу
- Вид акта: Положение
- Номер: 12/49
- Дата принятия: 14.03.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 14.03.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/137559>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/137559/edition/1263973/ru>

> Текст приведён по редакции от 14.03.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагында ишке ашыруу жана айыл аймагынын калкынын экономикалык абалын жакшыртуу боюнча (Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-мартындагы № 12/49 токтомуна ылайык) Жобосу (ред. от 14.03.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/137559

---

Миң-Булак айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-мартындагы № 12/49 токтому менен бекитилген

«Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп- адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагында ишке ашыруу жана айыл аймагынын калкынын экономикалык абалын жакшыртуу боюнча Жобосу

Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Миң-Булак айыл аймагында Өрнөк, Куйбышев жана Миң-Булак калктуу конуштары менен бирге Сары-Булак, Кичи-Кара-Кужур, Чоң-Кара-Кужур өрөөндөрү камтылган 1164 кожолукта 6120 жаран жашап, эмгектенип келишет. Кыргыз Республикасынын жарандарынын, анын ичинде кыргыз элинин калыптанып калган каада-салт, үрп адаттарды жана ошондой эле маркумдарды акыркы сапарга узатуу жөрөлгөлөрүн жөнгө салуу, калк арасындагы социалдык атаандаштыктын, курулай намыстануунун натыйжасында келип чыккан обу жок чыгымдарды азайтуу багытында жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатты Миң-Булак айыл аймагында ишке ашыруу максатында Миң-Булак айыл аймагынын жалпы элинин жыйналышында ушул Жобо кабыл алынган.

I. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо Мин-Булак айыл аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүү тартибин аныктайт.

2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына;

2. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына;

4. Миң-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.

3. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:

маркумду жерге коюу иш-чаралары - өлгөн адамдын сөөгүн коюуга байланышкан үрп-адаттардын жана аракеттердин жыйындысы;

маркумду эскерүү иш-чаралары - өлгөн адамды эскерүүгө байланышкан үрп-адаттардын жана аракеттердин жыйындысы (куран окутуу, 40 күндүк, жылдык ж.б.).

II. Жобонун максаты жана милдеттери

4. Ушул Жобонун максаты жарандардын социалдык кызыкчылыктарын коргоо жана жарандардын экономикалык кызыкчылыктарына жана моралдык негиздерине олуттуу зыян келтирген ашыкча чыгымга жана ысырапкерчиликке жол бербөө чараларын белгилөө болуп саналат.

5. Ушул Жобонун милдеттери үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү, ошондой эле калк арасында алардын маңызын жана маанисин туура түшүнүүнү калыптандыруу болуп саналат.

Жобонун аткарылышына жооптуу тараптар

Жобонун аткарылышын камсыз кылуу жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл аймагынын айыл өкмөтү, айыл аймагындагы мекеме-ишканалар, коомдук уюмдар, жеке жарандар тарабынан ишке ашырылат.

Жобонун негизги милдеттери

Калк арасында социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу:

Миң-Булак айыл аймагында каада-салт, үрп-адаттарды бирдей тартипке келтирүү;

Калктын биримдүүлүгүн, каада-салт, үрп-адаттарды ишке ашырууда социалдык мамилелерди жогорулатуу;

Калктын бирдей социалдык-экономикалык абалын камсыз кылуу багытында ашыкча чыгымдарын кыскартуу;

Обу жок чыгымдарды жана ошондой эле керексиз социалдык атаандашууну айыл аймагынын территориясында кыскартуу;

Жогорудагы маселелер боюнча бирдиктүү иш алып барууну камсыз кылуу.

Жобонун негизинде аткарууга милдеттүү болгон иш чаралар

Айыл аймагынын территориясында маркумду акыркы сапарга узатуу ырасымында төмөндөгүлөр айыл аймагынын тургундары тарабынан жалпы аткарууга милдеттүү болуп саналсын:

Айыл аймагынын территориясында калк арасында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы талкуулансын жана тиешелүү чечимдер кабыл алынсын;

Кабыл алынган чечимдер ушул жобого алымча кошумчасы менен киргизилип жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилип, айыл аймагында аткарууга алынсын;

Айыл аймагында сөөк чыккан үйдөн мал союууга тыюуу салынсын;

Сөөк чыккан үйдө дасторконго эң минималдуу азык-түлүк коюу сакталсын;

Түзүлгөн комиссия маркумду жерге койгондон кийин күмбөз коюу маселесин бирдей тартипке келтирүү боюнча сунуштама иштеп чыгып бекитүү үчүн сунушташсын;

Айыл аймагынын территориясында үлпөт жана тойлорду өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча жалпы айыл аймагынын тургундары бирдей иш алып барышсын;

Акыркы сапарга узатуу тажиясы болуп жаткан үйдөн тамак берүүгө тыюу салынсын;

Тажия болуп жаткан үйдүн туугандары, кошуналары тарабынан алыстан келген конокторго тамак берүү, жаткыруу иштери колго алынсын;

Миң-Булак айыл аймагынын имамы, аксакалдар соту, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн;

Миң-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн комиссия жобонун аткарылышын камсыз кылсын;

Жалпы элдик жыйында талкууга алынган жана кабыл алынган маселелерди аткарбагандарга административдик жазанын өлчөмү бекитилсин;

Жобону ишке ашырууну контролдоо боюнча комиссия

6. Ушул Жобону ишке ашыруу үчүн Миң-Булак айыл өкмөтүнүн алдында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү боюнча туруктуу комиссия түзүлөт.

7. Комиссиянын түзүмү:

1) Комиссиянын төрагасы – Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы;

2) Комиссиянын төрагасынын орун басары – Миң-Булак айыл аймагынын ак сакалдар сотунун төрагасы;

3) Комиссиянын катчысы – Миң-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык адиси;

4) Комиссиянын мүчөлөрү: Миң-Булак айылдык кеңешинин депутаттары, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айыл башчылар, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Миң-Булак айыл аймагынын имамы, Миң-Булак айыл аймагындагы милициянын участкалык инспектору.

8. Комиссия түзүү жана анын курамы жөнүндө чечим Миң-Булак айылдык кеңеши тарабынан бекитилет. Комиссиянын сандык курамы ушул Жобону ишке ашыруу боюнча аткарылуучу иш-чаралардын көлөмүн эске алуу менен Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу боюнча бекитилет.

9. Комиссиянын ишинин уюштуруучулук формасы болуп Комиссиянын отуруму саналат. Эгер отурумга Комиссия мүчөлөрүнүн кеминде жарымы катышса, аны өткөрүүгө укуктуу деп эсептелет. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет. Комиссия мүчөлөрүнүн отурумуна катышкандардын жарымынан көбү добуш берсе, чечим кабыл алынды деп эсептелет.

10. Комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:

- ушул Жобонун талаптарына ылайык үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүүгө контроль жүргүзөт;

- үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү маселелери боюнча Миң-Булак айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын жана коомдук институттардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;

- үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин уюштурат;

- үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүү боюнча алдыңкы тажрыйбаларды жайылтат;

- Миң-Булак айыл аймагындагы жеке жана юридикалык жактардан ушул Жобонун аткарылышын талап кылат.

Миң-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппараты

Жарлыктын айыл аймагында аткарылышын уюштуруу жана көзөмөлдөө;

Комиссия түзүп, ишин уюштуруу жана түшүндүрүү иштерин колго алуу;

Жер-жерлерде коомдук абал тууралуу маалыматты талдап, иш алып баруу;

Жарлыктын аткарылышын камсыз кылууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, коомдук уюмдардын, имамдын, участкалык инспектордун биргеликте иш алып баруусун камсыз кылуу.

Миң-Булак айыл аймагындагы ак сакалдар сотуна төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:

Атайын түзүлгөн комиссиянын курамын жетектөө;

Комиссия, айыл аймагынын айыл өкмөтү, имам, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен бирге алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жетектөө;

Ушул жобонун талаптарын бузган жарандарга чара көрүүнү уюштуруу;

Айыл аймагында жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө.

Миң-Булак айыл аймагынын имамына төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:

Кыргыз Республикасынын мусулмандарынын дин башкармалыгынын 2022-жылдын 1-мартындагы №1 фатвасын Миң-Булак айыл аймагында аткарууга алуу;

Калкка түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүү жана тажия болуп жаткан үйдөгү абал тууралуу маалыматты Миң-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө билдирип туруу;

Жергиликтүү деңгээлде Жарлыктын жана фатванын аткарылышын камсыз кылуу боюнча жергиликтүү бийлик, коомдук уюмдар жана атайын түзүлгөн комиссия менен бирге иш алып баруу;

Тажия ырасымын ушул жобого ылайык алып баруу.

Миң-Булак айыл аймагындагы милициянын участкалык инспекторуна төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:

Айыл аймагында тажия ырасымы болуп жаткан үйгө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө коомдук тартипти сактоо боюнча иш алып баруу;

Ар кандай укук бузууларды болтурбоо максатында алдын ала профилактикалык иштерди алып баруу;

Комиссиянын курамы менен бирге калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

Комиссия менен бирге администратидик жазалардын аткарылышын камсыз кылуу.

Жыйынтыктоочу жоболор

Бул жобо айыл аймагынын территориясындагы менчигинин түрүнө карабастан бардык мекеме-ишканалар, жергиликтүү тургундар тарабынан аткарууга алынууга тийиш. Жобонун талаптарын аткарууда мүчүлүштүк кетирген юридикалык жактарга, кызматкерлерге, айыл тургундарына тиешелүү чаралар көрүлөөрү белгиленсин.

Айыл өкмөт башчысы

К.Кудайбергенов
