Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жоопту катчыга ыйгарым укуктарын өкүлдөө келишимин бекитүү жөнүндө» токтому
МИҢ-КУШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Депутаттардын VIΙI-чакырылышынын Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин №1 – сессиясы 2022-жылдын 9-февралы № 8-1-3 Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жоопту катчыга ыйгарым укуктарын өкүлдөө келишимин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №257 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жөнүндө жобонун жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 27 ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө буйругунун негизинде токтом кылат:
1. Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин ортосунда тузүлгөн эки тараптуу келишими бекитилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, min-kush.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Алманбетовго милдеттендирилсин.
Төрага:
А. Жапаров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.