# Ак-Сай айылдык кеңешинин 2021-жылдын 16-декабрындагы № 99 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Таштуу жайыт жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багытындагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Сай айылдык кеңешинин 2021-жылдын 16-декабрындагы № 99 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Таштуу жайыт жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багытындагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 99
- Дата принятия: 16.12.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 16.12.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/137420>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-13146/edition/1261997/ru>

> Текст приведён по редакции от 16.12.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Сай айылдык кеңешинин 2021-жылдын 16-декабрындагы № 99 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Таштуу жайыт жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багытындагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому (ред. от 16.12.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/137420

---

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

2021-жылдын 16-декабры № 99 Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Таштуу жайыт жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багытындагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2016-жылдын 19-мартындагы №21-мыйзамына ылайык, 2013-жылдын 15-июль №145-мыйзамынын негизинде, айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жергиликтүү тургундарына жумуш орундарын түзүү жана Тажик Республикасы менен болгон чек араны бекемдөө максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги ХХI-сессиясы

токтом кылат:

1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылынын күн батыш тарабындагы Кактын-Сайы участкасынын №1030 контурундагы 20,0(жыйырма)га жер тилкесине өнөр жай куруу үчүн, чек ара кызматкерлерине ок атуучу атайын жай үчүн №1456- контурундагы 8,0(сегиз)га жер тилкеси жалпы: 28,0(жыйырма сегиз)га “Таштуу жайыт жер”категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багытындагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.

Ак-Сай айылдык кеӊешинин төрагасы

А. Талиев
