# Гүлчө айылдык кеңешинин 2023-жылдын 8-июнундагы № 18/1 "Гүлчө айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИАнын) 2022- жылдын 7-декабрындагы конференциясынын №1 протоколу менен бекитилген Уставды жана АКИАны каттоодон өткөрүп, иштөө аймагын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Гүлчө айылдык кеңешинин 2023-жылдын 8-июнундагы № 18/1 "Гүлчө айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИАнын) 2022- жылдын 7-декабрындагы конференциясынын №1 протоколу менен бекитилген Уставды жана АКИАны каттоодон өткөрүп, иштөө аймагын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 18/1
- Дата принятия: 08.06.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 08.06.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/137347>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-13104/edition/1261137/ru>

> Текст приведён по редакции от 08.06.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Гүлчө айылдык кеңешинин 2023-жылдын 8-июнундагы № 18/1 "Гүлчө айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИАнын) 2022- жылдын 7-декабрындагы конференциясынын №1 протоколу менен бекитилген Уставды жана АКИАны каттоодон өткөрүп, иштөө аймагын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 08.06.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/137347

---

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 18 – отуруму 2023-жылдын 8-июну № 18/1 Гүлчө айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИАнын) 2022- жылдын 7-декабрындагы конференциясынын №1 протоколу менен бекитилген Уставды жана АКИАны каттоодон өткөрүп, иштөө аймагын бекитүү жөнүндө Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 18-отуруму, жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо долбоорунун Алай районундагы эксперти Эркебаев Чубак Болотбековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, КРнын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 1- пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гүлчө айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИАнын) 2022-жылдын 7-декабрындагы конференциясынын №1 протоколу менен бекитилген Уставы Гүлчө айылдык кеңешине учёттук каттоого алынсын.

2. Гүлчө айылдык аймагынын территориясы айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИАнын) иштөө аймагы катары бекитилип, АКИАнын аткаруу комитетине Гүлчө айыдык аймагынын чегинде иш алып баруусу милдеттендирилсин.

3. Гүлчө айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИАнын) аткаруу комитетинин иш аракеттерине жакындан жардам берүү, тыгыз иш алып баруу жана көмөк көрсөтүү Гүлчө айыл аймагынын башчысы С.Исаевге милдеттендирилсин.

Төрага:

Исмаилов К.Т.
