Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин «Кырк-Жигит участкасынын археологиялык казуу иштерин баштоо жөнүндө» токтому
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы 2023-жылдын 22-марты № 15/5 Кырк-Жигит участкасынын археологиялык казуу иштерин баштоо жөнүндө Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.С.Алишеровдун маалыматын жана Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы токтом кылат:
1.Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук чечими эске алынсын.
2.Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Кырк-Жигит участкасындагы байыркы коргон (кургандарды) казып тазалоо, археологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү, тендерсиз жогорудагы көрсөтүлгөн сметалардын төмөнкү баалары эске алынып, айыл өкмөт башчысынын макулдугу менен КРнын КабМин 2022-жылдын 10-июнундагы №301 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун” типтүү тартибинин 19-пунктунун 1-пунктчасынын негизинде түз келишим менен иш алып баруу жагы “Кетмен-Дөбө таза аймак” МИсына тапшырылсын.
3.Археологдун түзгөн сметасынан сырткаркы казуу иштерине байланыштуу ар кандай жумуштарды аткарууга керектелүүчү акча каражаты “Кетмен-Дөбө таза аймак” МИсынын атайын эсебинде сакталып турган акча каражатынан жумшалсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Р.Жумабаевага тапшырылсын.
5. Бул токтом https://ketmen-dobo.kg/ сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрайым
А.К.Жумалиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.