# Ала-Бука айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 19/5 "Ала-Бука айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ала-Бука айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 19/5 "Ала-Бука айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 19/5
- Дата принятия: 06.02.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 06.02.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/137198>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-12965/edition/1255827/ru>

> Текст приведён по редакции от 06.02.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ала-Бука айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 19/5 "Ала-Бука айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 06.02.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/137198

---

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 6-февралы № 19/5 Ала-Бука айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине ылайык жана айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 6-февралындагы отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XIX-сессиясы токтом кылат:

1.Ала-Бука айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү Уставын тиркемеге ылайык бекитүүгө макулдук берилсин.

2.Ала-Бука айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү Уставында көрсөтүлгөн жергиликтүү жамааттардын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынсын.

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнө жүктөлсүн.

Айылдык кеңешинин төрагасы

А. Умаров
