# Сакалды айылдык кеңешинин 2022-жылдын 9-декабрындагы № 1 "Мамлекеттик фонддун КБФ жерлерин Ноокен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Сакалды айылдык кеңешинин 2022-жылдын 9-декабрындагы № 1 "Мамлекеттик фонддун КБФ жерлерин Ноокен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 09.12.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 09.12.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/137124>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-12900/edition/1274728/ru>

> Текст приведён по редакции от 09.12.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Сакалды айылдык кеңешинин 2022-жылдын 9-декабрындагы № 1 "Мамлекеттик фонддун КБФ жерлерин Ноокен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүү жөнүндө" токтому (ред. от 09.12.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/137124

---

САКАЛДЫК АЙЫЛ КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясынын

2022-жылдын 9-декабры № 1

Мамлекеттик фонддун КБФ жерлерин Ноокен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 494 токтому менен бекитилген “ Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” Типтүү Жобого ылайык Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы токтом кылат:

1. 2022-жылдын 9-сентябрындагы №494 токтому менен бекитилген “ Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” Типтүү Жобонун талаптарына ылайык Ноокен агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын тескөөсүнө Сакалды айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун жерлеринен жалпы 374,2 га жер өткөрүлсүн.

2.Ноокен агрардык өнүктүрүү башкармалыгына бөлүнгөн жердин 1 гектар үчүн баштапкы баасы 1 гектар үлүштүк жердин жер салыгынын баасын 30 эсе көбөйтүү жолу менен эсесптелип, башкача айтканда 1 га=472 сом х 30 эсе = 14 160 (он төрт мин бир жүз алтымыш) сом болуп бекитилсин .

3.Токтомтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы А.Осмоновго милдеттендирилсин.

Тѳрага

А.Нишанбаев
