Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Сакалды айылдык кеңешинин «Мамлекеттик фонддун КБФ жерлерин Ноокен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүү жөнүндө» токтому
САКАЛДЫК АЙЫЛ КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясынын
2022-жылдын 9-декабры № 1
Мамлекеттик фонддун КБФ жерлерин Ноокен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 494 токтому менен бекитилген “ Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” Типтүү Жобого ылайык Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы токтом кылат:
1. 2022-жылдын 9-сентябрындагы №494 токтому менен бекитилген “ Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” Типтүү Жобонун талаптарына ылайык Ноокен агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын тескөөсүнө Сакалды айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун жерлеринен жалпы 374,2 га жер өткөрүлсүн.
2.Ноокен агрардык өнүктүрүү башкармалыгына бөлүнгөн жердин 1 гектар үчүн баштапкы баасы 1 гектар үлүштүк жердин жер салыгынын баасын 30 эсе көбөйтүү жолу менен эсесптелип, башкача айтканда 1 га=472 сом х 30 эсе = 14 160 (он төрт мин бир жүз алтымыш) сом болуп бекитилсин .
3.Токтомтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы А.Осмоновго милдеттендирилсин.
Тѳрага
А.Нишанбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.