Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин «Арыздарды кароо боюнча» токтому
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы 2021-жылдын 3-марты № 256 Арыздарды кароо боюнча Кыргыз Республикасынын Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрынын №694 жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майынын №256 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жобосун, жана айыл аймактын ветеринардык адистердин кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл аймак боюнча ветеринардык адистердин көрсөткөн кызматын кошкондо бир баш жылкыга чип басуу 220(эки жүз жыйырма) сом тарифи менен бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Абдырахмановго милдеттендирилсин.
3. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча труктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага
Э.Кожокеев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 7 мая 2013 года № 256 "О внесении изменений и дополнения в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 07.05.2013 · № 256 · Утратил силу