# Ак-Таш айылдык кеңешинин 2022-жылдын 25-ноябры № 5/2 "Ак-Таш айыл аймагынын Жылкелди айылынын негизги А.Базарбаев көчөсүнө жөө жүрүүчүлөр үчүн жол (тротуар) куруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Таш айылдык кеңешинин 2022-жылдын 25-ноябры № 5/2 "Ак-Таш айыл аймагынын Жылкелди айылынын негизги А.Базарбаев көчөсүнө жөө жүрүүчүлөр үчүн жол (тротуар) куруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5/2
- Дата принятия: 25.11.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 25.11.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/137016>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-12821/edition/1266161/ru>

> Текст приведён по редакции от 25.11.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Таш айылдык кеңешинин 2022-жылдын 25-ноябры № 5/2 "Ак-Таш айыл аймагынын Жылкелди айылынын негизги А.Базарбаев көчөсүнө жөө жүрүүчүлөр үчүн жол (тротуар) куруу жөнүндө" токтому (ред. от 25.11.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/137016

---

АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ак-Таш айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын отуруму

2022-жылдын 25-ноябры № 5/2

Ак-Таш айыл аймагынын Жылкелди айылынын негизги А.Базарбаев көчөсүнө жөө жүрүүчүлөр үчүн жол (тротуар) куруу жөнүндө Ак-Таш айыл аймагынын Жылкелди айылынын тургундарынын суроо-талаптарын эске алып Ленин участкасынын негизги А.Базарбаев көчөсүнө жана Ак-Таш айылынын Р.Боронов көчөсүнө жөө жүрүүчүлөр үчүн жол (тротуар) куруу максатында, Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Таш айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Ак-Таш айыл аймагынын Жылкелди айылынын тургундарынын суроо-талаптарын эске алып Ленин участкасынын негизги А.Базарбаев көчөсүнө жана жөө жүрүүчүлөр үчүн жол (тротуар) курууга уруксат берилсин.

2. КРМК 2022-жылдын 12-июлундагы №376 токтомуна жана “Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө Типтүү Жобого” ылайык Кара-Суу районунун өнүктүрүү фондуна айыл өкмөтүнүн долбоорун киргизүү Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Мусаевага жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.Аматов
