Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Татыр айылдык кеңешинин «Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы Говсувар айылынын атын алмаштыруу жөнүндө» токтому
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
2022-жылдын 2-июну № 21
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы Говсувар айылынын атын алмаштыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө 2014-жылдын 17-февралы Токтом № 99, 2021-жылдын 16 июнундагы № 80 токтомдорунун редакциясына ылайык, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-июнундагы № 359 токтомуна ылайык, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы Говсувар айылынын аты тажик тилине жакын болгондугуна байланыштуу Говсувар айыл атын Орто-Боз айылы деп атын өзгөртүү боюнча жогоруда келген каттардын негизинде карап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы Говсувар айылынын атын, Орто-Боз айылы деп өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы К. Нурмаматовго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Ибрагим уулу Т.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.