# Курманбек айылдык кеңешинин 2023-жылдын 25-февралындагы № 9 "Курманбек айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Курманбек айылдык кеңешинин 2023-жылдын 25-февралындагы № 9 "Курманбек айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 9
- Дата принятия: 25.02.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 25.02.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/136689>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-12523/edition/1250301/ru>

> Текст приведён по редакции от 25.02.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Курманбек айылдык кеңешинин 2023-жылдын 25-февралындагы № 9 "Курманбек айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү уставын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 25.02.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/136689

---

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы 2023-жылдын 25-февралы № 9 Курманбек айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү уставын бекитүү жөнүндө Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы, Курманбек айыл аймагында түзүлгөн Жергиликтүү жамаатардын Типтүү уставын бекитип берүү боюнча Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековдун кайрылуусун Курманбек айылдык кеңешинин депутаттары карап чыгып, төмөндөгүдөй токтом кылат:

1. Курманбек айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү уставы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Токтомдун аткаруу жагы Курманбек айыл ѳкмѳт башчысы Н.Т. Түгөйбековко жүктѳлсүн.

3. Токтом Курманбек айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып күчүнө кирет

Төрага

Т.З.Биримкулов
