# Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 13-10 "Жобону бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 13-10 "Жобону бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 13-10
- Дата принятия: 10.02.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 10.02.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/136600>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-12442/edition/1238302/ru>

> Текст приведён по редакции от 10.02.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 13-10 "Жобону бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 10.02.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/136600

---

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он үчүнчү сессиясы 2023-жылдын 10-февралы № 13-10 “Жобону бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнундө” Жарлыгынын 5-пунктуна ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөүнүн башчысынын орун басары маалыматын угуп, айылдык кенештин мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагындагы көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелери” бекитилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковго милдеттендирилсин.

3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:

Т. Джороев
