# Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2022-жылдын 23-декабрындагы № 12-4 "Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2022-жылдын 23-декабрындагы № 12-4 "Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 12-4
- Дата принятия: 23.12.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 23.12.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/136590>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-12433/edition/1238272/ru>

> Текст приведён по редакции от 23.12.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2022-жылдын 23-декабрындагы № 12-4 "Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 23.12.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/136590

---

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы 2022-жылдын 23-декабры № 12-4 “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө” «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн №01-16/543 20-сентябрь 2022-жылдагы кайрылуусунун негизинде, айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесинин протоколун негиздеп Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик Агенттиктин 2022-жылдын 12-сентябрындагы №212 буйругу менен бекитилген Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Типтүү регламенти бекитилсин. (регламент тиркелет)

2. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүндө бекитилген Регламентке ылайык иш жүргүзүлсүн.

3. Ушул токтомго ылайык иш алып баруу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковго милдеттендирилсин.

4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:

Т. Джороев
