# Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 1 "Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 1 "Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 15.09.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 15.09.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/136290>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-12334/edition/1254037/ru>

> Текст приведён по редакции от 15.09.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 1 "Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө" токтому (ред. от 15.09.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/136290

---

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 23-сессиясынын кезексиз отурумунун

2022-жылдын 15-сентябры № 1

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө

Мамлекеттин башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” № 284 Жарлыгына жана бринчи Элдик Курултайга КР айылдардан делегаттарды шайлоо боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттарынын 23-сессиясынын кезексиз отуруму талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Чоң-Алай айылдык аймагынын жергиликтүү курултайы 2022-жылдын 5-ноябрь күнү саат 10-00гө Дароот-Коргон айылындагы Б.Акимбеков атындагы клубка чакыртылсын.

2. Чоң-Алай айылдык аймагынын жергиликтүү курултайынын курамы калктын санына ылайык төмөнкүдөй санда тураары белгиленсин.

- Кызыл-Эшме айылынан 10 делегат

- Кызыл-Туу айылынан 4 делегат

- Дароот-Коргон, Кара-Шыбак айылдарынан 40 делегат

- Чак айылынан 15 делегат

- Жаш-Тилек айылынан 11 делегат

- Жар-Башы айылынан 16 делегат

- Кулчу, Сары-Булак айылдарынан 4 делегат жалпы 100 делегат.

3. Чоң-Алай айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 11 кишиден бекитилсин (№ 1-тиркеме)

4. Айыл өкмөтүнө караштуу айылдар ичинде делегат шайлоо боюнча жыйындар 16-октябрдан 21-октябрга чейин графикке ылайык өткөрүлсүн (№ 2 тиркеме) жана өкүчүлүктун нормалары калктын санына жараша бөлүнөөрү эскертилсин.

5. Чоң-Алай айыл өкмөтү Курултайды уюштурууга, жумушчу топко ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө жана белгиленген мөөнөттө графикке ылайык жыйындарга калктын келүүсүн, жыйын өтүүчү жайды тиешелүү жабдыктар менен камсыздоого милдеттендирилсин.

6. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:

Г. Мадалиев

Тиркеме № 1 Чоң-Алай айылдык кенешинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 23-сессиясынын № 1 токтому менен бекитилген

Чоң-Алай айыл аймагынын жергиликтүү курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы

№

А.А.Т

Кызматы

1

Мадалиев Галдарбек Абдиганыевич

Төрага

2

Турдалиев Касымбек Абдилазизович

Катчы

3

Ташболотов Акматали Өктөмович

Мүчө

4

Үсөнова Замира Исматиллаевна

Мүчө

5

Маматкайымова Шайыргүл Рыскуловна

Мүчө

6

Рахманали уулу Абдугапар

Мүчө

7

Абдилай уулу Таалайбек

Мүчө

8

Жусупов Акылбек Маматякутович

Мүчө

9

Даниярова Акдана Мусаевна

Мүчө

10

Эсеналиев Жалалидин Калмахаматович

Мүчө

11

Суюндуков Кансаар Бөрүевич

Мүчө

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жооптуу катчысы:

К. Турдалиев

Тиркеме № 2 Чоң-Алай айылдык кенешинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 23-сессиясынын № 1 токтому менен бекитилген

Чоң-Алай айыл аймагынын жергиликтүү курултайына делегаттарды көрсөтүү боюнча өткөрүлүүчү чогулуштардын (жыйындардын) ГРАФИГИ

№

Жыйын өтүүчү орду

Убактысы

Калктын саны

Делегаттардын саны

Жооптуулар

күнү

сааты

1

Кызыл-Эшме айылы Ынакба уулу Келдибек атындагы орто мектеби

17.10.2022.

10-00

1563

10

А.Ташболотов

К.Суюндуков

Э.Ынакбаев

2

Кызыл-Туу айылы Кызыл-Туу балдар бакчасы

20.10.2022.

10-00

594

4

З.Үсөнова

Б. Кожокматов

К.Суюндуков

3

Дароот-Коргон, Кара-Шыбак Б.Акимбеков атындагы клуб

19.03.2022.

10-00

6923

40

Ш.Маматкаимова

Б.Кожокматов

Ж.Камаридинов

К.Турдалиев

Ж.Эсеналиев

4

Чак айылы Көк-Суу орто мектеби

19.10.2022.

10-00

2721

15

Рахманали уулу А

М.Каландаров

Ж.Эсеналиев

5

Жаш-Тилек айылы З.Каримбеков орто мектеби

16.10.2022.

10-00

1980

11

Абдилай уулу Т

Т.Каримбеков

Ж.Эсеналиев

6

Жар-Башы айылы Н.Кармышев орто мектеби

20.10.2022.

10-00

2920

16

Г.Мадалиев

А.Жусупов

Т.Таштанбеков

7

Кулчу, Сары-Булак айылы К.Жапаров орто мектеби

20.10.2022.

10-00

650

4

А.Даниярова

Г.Баймаматов

К.Турдалиев

\*

Жалпы

17351

100

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жооптуу катчысы:

К. Турдалиев
