Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Каргалык айылдык кеңешинин «Каргалык айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө» жобосу
БЕКИТИЛДИ Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVIII чакырылышынын) кезексиз Х сессиясынын № 36-токтомуна тиркеме
30.06.2022-жыл.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы_______________________Т.И.Токтоболотов.
Каргалык айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө Жобо
1. Жобого сунуштаманын максаты
1.1 Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагын улуттук маданияттын баалуулуктарын коргоо жана элдик каада-салттарга сый мамиле кылууну калыптандыруу, жарандардын жашоо деңгээлин жана сапатын көтөрүүнүн кызыкчылыгын гана көздөп, элдин саламаттыгын, адеп-ахлагын коргоону камсыз кылуу, маркумду акыркы сапарга узатуудагы ырым-жырымдарды өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын эске алууга, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» кабыл алынган № 54 ПЖ Жарлыгын ишке ашыруу болуп эсептелет.
Жалпы жобого сунуштама
1.2 Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагында улуттук маданияттын баалуулуктарын коргоо жана элдик каада-салттарга сый мамиле кылууну калыптандыруу жана иретке келтирүү, жарандардын жашоо деңгээлин жана сапатын көтөрүүнүн кызыкчылыгын көздөө, элдин саламаттыгын, адеп-ахлагын коргоону камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» № 54 ПЖ Жарлыгына ылайык, Каргалык айыл аймагындагы мекеме-ишканалар, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери айыл жергесиндеги дин кызматкерлери, коомдук уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары иш алып барат.
1.3 Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жарандардын үй-бүлөлүк жана башка иш чараларын өткөрүүдө, ар бир жаран өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша жана ири акча каражатын чыгымдообого багытталган. Ошондой эле, үй-бүлөлүк бюджетке зыян келтирбөөгө, калктын жашоо деңгээлине терс таасирин токтотууга багытталган. Маркумду акыркы сапарга узатуудагы жана андан кийинки эскерүү үрп- адаттарындагы ысырапкерчиликкке жол бербөөгө багытталган.
1.4 Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагында жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн, салтын эске алуу менен иштелип чыккан жана жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
2. Жобого сунуштаманы иштеп чыгуу, кабыл алуу (бекитүү) жана күчүнө киргизүү тартиби
2.1 Айыл аймакта, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү жөнүндө типтүү жобону иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен төмөндөгү курамда жумушчу топ түзүлөт:
- Айыл өкмөтүнүн кызматкери;
- Жергиликтүү Кеңештин депутаттары;
- ардагерлердин мүчөсү;
- аялдар жана жаштар уюмунун мүчөлөрү;
- аксакалдар сотунун мүчөсү;
- дин уюмунун мүчөсү;
- өкмөттүк эмес уюмдардын мүчөсү
- жергиликтүү коомдоштурулган уюмдардын мүчөсү.
2.2 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин берген типтүү жобосунун негизинде, жумушчу топ тарабынан жобо долбоору иштелип чыгат. Ал долбоор айылдык, шаардык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн тактайларга илинет, айыл өкмөтүнүн, мэриянын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сайттарына жайгаштырылат. Келип түшкөн иштиктүү сунуштарды жумушчу топ эске алуу менен долбоорго киргизет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү Кеңештин сессиясында бекитилет. Жобону бекитүү жөнүндөгү жергиликтүү Кеңештин токтомунда белгиленген жобо колдонууга алынат.
2.3 Жобону бекитүү жөнүндөгү жергиликтүү Кеңештин токтому белгиленген тартипте жергиликтүү Кеңештин, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сайттарына жарыяланат.
2.4 Жобого кызыккан жарандарга айыл өкмөтү, жергиликтүү Кеңеш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.
3. Жободогу колдонулган түшүнүктөр
3.1 Жободо төмөндөгү түшүнүктөр колдонулду:
Бешик той - бала төрөлгөндөн кийин, төрөлгөн учурда бешикке салынып, бөлөнөт. Ошол учурда кыздын ата-энеси небересин бешикке салуу максатында бешик жасап, алып барат. Тушоо кесүү- бала каз-каз туруп, өз алдынча кадам койгон мезгилде жана кадам шилтеп басып калган учурда, чалынып жыгылбай тез басып кетүүсүн тилек кылып, баланын аягын жип менен тушап, жеткинчек балдардан тартып чуркаганга жараган аксакалдардан бери кандайдыр бир аралыктан чуркатып, балага биринчи жетип келген жаран, баланын тушоосун кесип, чалынбай тез басып кет деген тилек менен, колунан жетелеп чыгат, тушоо кескен жаранга белек берилет. Сүннөт той-эркек бала 5 -7 жашка чыккан мезгилде сүннөткө отургузуу ата-эненин парзы болот. Ошол учурда атайын сүннөт той өткөрүүлөр болуп турат. Үйлөнүү үлпөт той жана кыз узатуу тою- бала жана кыз балакатка жеткен учурда, өз каалоолору менен үй-бүлө курууга баш кошуп, турмуш жолуна аттанышат. Ошол учурда, баланы үйлөнтүү, кызды узатуу той берилет. Маараке той - адам баласы кандайдыр бир белгилүү жашка толгон учурда, белгилеп берилүүчү той. Жаңы үйгө кирүүдө, үй той - адам баласы жашоосунда баш калкалоо үчүн турак жай салып, аны күндөлүк турмушта жашоо үчүн пайдаланып келет. Жаңы турак жайга кирген учурда берилүүчү той. Маркумду акыркы сапарга узатуу, маркумдун үч күнүн, кырк күнүн, айт күндөрүндө, жылын эскерүү чаралары жана башка эскерүүлөр- маркумду эскерүүгө арналган салттар. Маркумдун ашын берүү - маркумду эскерүү үчүн кандайдыр бир мезгилден кийинки салт.
4. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп- адаттарын өткөрүү тартиби
4.1 Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик той, тушоо кесүү той, балдарды сүннөткө олтургузуу, үйлөнүү, кыз узатуу той, үй той, куда тосуу, туулган күнүн белгилөө, маараке салтанаттары жана башка салтанаттар кирет.
Үйлөнүү жана кыз узатуу тойлорго чакырылгандардын саны жакын туугандары менен чектелсин. Жарандык абалын жаздыруу актысына (ЗАГС) чыгуу үчүн автоунаалардын саны 3 бирдиктен ашпоо белгиленет. Кызды турмушка чыгарууга мүчө алууга, сеп берүүгө, куда тосууда түштөндүрүү берүүгө тыюу салынат. Ал эми, кыз-күйөөгө өкүл ата белгилөөдө көптөгөн себет жана кийим- кече кылууга, кой союуга чектоо киргизилет. Салтанаттарды (бешик той, тушоо кесүү той, балдарды сүннөткө олтургузуу, үй той, куда тосуу, туулган күнүн белгилөө, сыйлык, чин, наам, илимий жана кесиптик даража алганын белгилөө, классташ, бир туугандар, жоролор, бажалар, кудалар, келиндер, аялдар отуруштары, мектепти, окуу жайды аяктаганына 5-10-20 жылдык кечелер, ажыга баруу жана келгендеги той, балата акыйка өткөрүү) ири денгээлде тойканаларда, ресторандарда жана чайканаларда өткөрүүгө тыюу салынат. Аталган салтанаттар үй-бүлөлүк денгээлде тар чөйрөдө өткөрүлөт. Мааракелерге (аш берүү, кандайдыр бир жашка толгонун белгилөө) жакын туугандары менен, мал-жандыктар союлбастан, өткөрүү каралсын. Ал эми, аталган мааракелерди болтурбоо жана аталган мааракеге каралган каражатты жумшоо максатында, анын ордуна айылга таза суу чыгарууну, жолду асфальтоону, шагыл төгүүнү, жарыктандырууну, жөө жол салууну (тротуар), жетим-жесирлерге жардам берүүнү, мааракенин ээсине сунуш кылынат. Конок берүүгө жана багууга, көк бөрү (улак тартыш) оюнун берүүдө ири ӨЛЧӨМДӨ байгелерди (соорун) саюуга (автоунаа, жылкы, ири мүйүздүү мал, кой- эчки, топоз, төө, килем, кымбат баалуу буюмдар) чектоо салынат. Байгесине (соорунга) кымбат эмес жана аз өлчөмдөгү буюм-теримдерди саюу сунушталат.
4.2 Маркумду акыркы сапарга узатууда мал-жандык союлбасын, тамак-аш берилбесин. Жаназа окуучулардын, азага жана коштошуу зыйнатына келүүчүлөрдүн санына чектоо коюлбайт.
Бейшембилик, үчүлүк, жетилик, кырк күндөрүн, жылдык аш берүүнү белгилеп эскерүүгө тыюу салынат жана мал-жандык союлбай, үй-бүлөдө жакындары менен куран окутуу өткөрүлөт. Маркумга карата кошок кошчуларды жалдоого, кыздарынын ак-көк кийүүсүнө, тон жабууга, жыртыш берүүгө тыюу салынат.
4.3 Мааракелерди, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумдарды эскерүү үрп- адаттарды өткөрүүдө ысырапкерчиликти кыскартуу максатында жергиликтүү айылдык кеңештерде айылдык уставды карап, бекитүү сунушталат.
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эске алуу үрп- адаттарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссия жана кызмат адамдары
5.1 Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эске алуу үрп-адаттарын өткөрүүнү тартипке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиясына жана кызмат адамдарына төмөндөгүлөр кирет:
- айыл өкмөтүнүн башчысы;
- жергиликтүү комиссиялар;
- комиссиялар өздөрүнүн ишин документтештирет.
6. Жергиликтүү комиссия
6.1 Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүндө райондук маанидеги аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунда түзүлөт. Анын курамына төмөндөгүлөр кирет:
- айыл өкмөтүнүн кызматкери;
- жергиликтүү Кеңештин депутаттары;
- билим берүү мекемелеринин кызматкери;
- маданият мекемесинин кызматкери;
- ардагерлер кеңешинин мүчөсү;
- аялдардын жана жаштардын уюмдарынын мүчөлөрү;
- аксакалдар сотунун мүчөсү;
- дин уюмунун мүчөсү;
- өкмөттүк эмес уюмдарынын мүчөсү;
- участкалык милиция;
- жергиликтүү коомдоштурулган уюмдардын мүчөсү.
Жергиликтүү комиссиянын курамы айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилет.
6.2. Жергиликтүү комиссия мүчөлөрү үй-бүлөлүк салтанаттарды жана жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттары өткөрүлүп жаткан жерлерге чогуу барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, иш чара өткөрүп жаткан адамга жобонун талаптарын тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат. Жобонун аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт. Жобонун талаптары бузулган учурда акт түзөт, ал тууралуу комиссияда маселени карайт, таланты бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) көрөт.
6.3. Комиссия жергиликтүү муниципалдык органда түзүлөт. Анын курамына төмөндөгүлөр кирет:
- айыл өкмөт башчысы;
- жергиликтүү кеңештин депутаттары;
- айылдык маданият бөлүмүнүн кызматкери;
- билим берүү бөлүмүнүн кызматкери;
- ардагерлердин мүчөсү;
- аялдардын жана жаштардын уюмдарынын мүчөлөрү;
- аксакалдар сотунун мүчөсү;
- дин уюмунун мүчөсү;
- өкмөттүк эмес уюмдарынын мүчөсү;
- ички иштер бөлүмүнүн кызматкери;
- массалык маалымат каражаттарынын өкүлү.
Айыл аймактык комиссиянын курамы айыл өкмөт башчысынын буйругу менен бекитилет.
6.4. Айыл аймактык комиссия бул иште жалпы жетекчилик кылат, жобонун аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттардын өткөрүү боюнча алдыңкы тажрыйбаларды жалпылайт жана аларды жайылтуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзөт. Жобонун талаптары бузулган учурда, ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт, комиссияда маселени карайт, талапты бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) көрөт. Чечим кабыл алууну татаалдаткан жагдайлар келип чыккан учурда, чара көрүү үчүн райондук комиссияга сунуш киргизет.
7. Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
7.1 Айыл аймакта үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүдө калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү жөнүндөгү типтүү жобону бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндөгү Кодексинде, жергиликтүү жамааттын уставында жана айылдын, ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган (элдик курултай, айылдык жыйындар, жергиликтүү Кеңеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.