# Теплоключенка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жылдын 10-ноябрындагы № 11 "Айылдык кеңештин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Теплоключенка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жылдын 10-ноябрындагы № 11 "Айылдык кеңештин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 11
- Дата принятия: 10.11.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 10.11.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/135998>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-12059/edition/1202352/ru>

> Текст приведён по редакции от 10.11.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Теплоключенка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жылдын 10-ноябрындагы № 11 "Айылдык кеңештин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (ред. от 10.11.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/135998

---

ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2021-жылдын 10-ноябры № 11 Айылдык кеңештин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августу № 115 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана 2019-жылдын 8-августу № 118 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, айылдык кеңештин депутаттык этика, мыйзамдуулук, мандат, дин маселелери, коомдук уюмдар, жергиликтүү коомдоштуктар боюнча туруктуу комиссиянын 2021-жылдын 18-октябрындагы отурумунун №2 протоколунун негизинде айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Теплоключенка айылдык кеңешинин регламентине сунушталган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен бекитилсин.

2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын

Айылдык кеңештин төрагасы

А.И.Алмабеков
