# Ала-Бука айылдык кеңешинин 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 3/3 "Ала-Бука жайыт комитетинин 2021-жылга карата иш пландарын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ала-Бука айылдык кеңешинин 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 3/3 "Ала-Бука жайыт комитетинин 2021-жылга карата иш пландарын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3/3
- Дата принятия: 02.04.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 02.04.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/135970>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-12031/edition/1202248/ru>

> Текст приведён по редакции от 02.04.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ала-Бука айылдык кеңешинин 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 3/3 "Ала-Бука жайыт комитетинин 2021-жылга карата иш пландарын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 02.04.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/135970

---

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2021-жылдын 2-апрели № 3/3 Ала-Бука жайыт комитетинин 2021-жылга карата иш пландарын бекитүү жөнүндө “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде ошондой эле “Жайыт жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын аткаруу максатында жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын маалыматын угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:

1. 2021-жылга карата жайыттарды пайдалангандыгы үчүн алынуучу алымдардын көлөмү №1 тиркемеге жана жайыт комитетинин иш планы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жайыт пайдалануучулардын жайлоого көчүү жана көчүп келүү мөөнөттөрү төмөнкүдөй болуп белгиленсин:

- Көчүп кетүү мөөнөтү жылкылар үчүн 2021-жылдын 20-апрелине чейин, кара мал жана майда жандыктар үчүн 1-майга чейин;

- Көчүп келүү мөөнөтү бардык малдар үчүн 1-октябрдан эрте эмес.

3. Жайыттарды туура пайдалануу, иретке келтирүү жана жакшыртуу жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.

4. 2021-жылга карата техникалар боюнча тарифтери №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

5. Чүйткол участкасындагы мал суу ичүүчү жана жуут жеринин айланасына бак-дарак тигүүгө уруксат берүүгө макулдук берилсин.

6. Чөп чабуучу жайларды жана эгин талааларды майкандап, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайлоого көчуп кетүү жана көчүп келүү боюнча бекитилген тартибин сактабаса, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги №58 сандуу (2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген) 182-183-беренесинин негизинде келтирилген зыяндын көлөмүнө жараша атайын түзүлгөн комиссиянын актысынын негизинде 27-берененин 4-котегориядагы айып пулу салынсын.

7. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин;

8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин агрардык маселелер, СПА суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Айылдык кеңешинин төрагасы

Умаров А.
