Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ала-Бука айылдык кеңешинин «Муниципалдык менчикте турган жер участокторун пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2021-жылдын 11-марты № 2/2 Муниципалдык менчикте турган жер участокторун пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “ Жер Кодекси жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы №46 мыйзамы менен күчүнө кирген Жер Кодексинин 13-статьясынын 1-пунктунун негизинде жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Ала-Бука райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Ж.Токтогуловдун 2021-жылдын 9-мартындагы №01-19/113 кайрылуусун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айылынын У.Сатыбалдиев көчөсүндөгү Р.Абдысаматова орто мектебинин күн батыш тарабындагы бош жаткан 0,72га жер аянтынан 0,12 га жер аянты “ Уй-бүлө жана балдарды колдоо ” борборунун имаратынын курулушунун курулмасына макулдук берилсин.
2. Имараттын курулмасына бөлүнгөн жер аянтына Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин өндүрүш, транспорт, коммуникация, тазалык жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы
Умаров А.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики»Закон · 02.06.1999 · № 46 · Утратил силу