# Ала-Бука айылдык кеңешинин 2021-жылдын 11-мартындагы № 2/1 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторун пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ала-Бука айылдык кеңешинин 2021-жылдын 11-мартындагы № 2/1 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторун пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2/1
- Дата принятия: 11.03.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 11.03.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/135957>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-12018/edition/1202206/ru>

> Текст приведён по редакции от 11.03.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ала-Бука айылдык кеңешинин 2021-жылдын 11-мартындагы № 2/1 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторун пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (ред. от 11.03.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/135957

---

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2021-жылдын 11-марты № 2/1 Муниципалдык менчикте турган жер участокторун пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “ Жер Кодекси жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы №46 мыйзамы менен күчүнө кирген Жер Кодексинин 25-статьясынын 2-пунктунун негизинде жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адисинин сунушун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:

1. Ала-Бука айылынын У.Сатыбалдиев көчөсүндөгү Р.Абдысаматова орто мектебинин күн батыш тарабындагы бош жаткан 0,72га жер аянтынан “Ала-Бука-Чаткал 1977-биримдиги ” коомдук бирикмесине 0,50га жер аянты медресе куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга макулдук берилсин.

2. Пайдаланууга макулдук берилген жер аянтына тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын талаптарына ылайык бүтүрүү айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин өндүрүш, транспорт, коммуникация, тазалык жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Айылдык кеңешинин төрагасы

Умаров А.
