# Ала-Бука айылдык кеңешинин 2021-жылдын 21-январындагы № 1/12 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна башкы пландын негизинде курулуш жүргүзүүгө жана жерди пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ала-Бука айылдык кеңешинин 2021-жылдын 21-январындагы № 1/12 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна башкы пландын негизинде курулуш жүргүзүүгө жана жерди пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1/12
- Дата принятия: 21.01.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 21.01.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/135955>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-12016/edition/1202180/ru>

> Текст приведён по редакции от 21.01.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ала-Бука айылдык кеңешинин 2021-жылдын 21-январындагы № 1/12 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна башкы пландын негизинде курулуш жүргүзүүгө жана жерди пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (ред. от 21.01.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/135955

---

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2021-жылдын 21-январы № 1/12 Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна башкы пландын негизинде курулуш жүргүзүүгө жана жерди пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө Ала-Бука айылдык кеңеши, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адисинин “Кош-Көпүрө участкасындагы жер аянтына Ала-Бука айылынын башкы планынын негизинде көп кабаттуу үй курууга макулдук берүү жөнүндөгү” - сунушун угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жөнүндө Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы №46 мыйзамы менен күчүнө кирген Кодекстин 1-статьясынын 2-2 пунктарын жетекчиликке алып, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:

1. Кош-Көпүрө участкасындагы 11,30 га жер аянтына Ала-Бука айылынын башкы планынын негизинде көп кабаттуу үй курууга макулдук берилсин.

2. Макулдук берилиген келечектеги көп кабаттуу турак жай курулушуна инвесторлорду тартуу жана жергиликтүү ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин;

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин өндүрүш, транспорт, коммуникация, тазалык жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Айылдык кеңешинин төрагасы

Умаров А.
