Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ала-Бука айылдык кеңешинин «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна башкы пландын негизинде курулуш жүргүзүүгө жана жерди пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2021-жылдын 21-январы № 1/12 Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна башкы пландын негизинде курулуш жүргүзүүгө жана жерди пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө Ала-Бука айылдык кеңеши, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адисинин “Кош-Көпүрө участкасындагы жер аянтына Ала-Бука айылынын башкы планынын негизинде көп кабаттуу үй курууга макулдук берүү жөнүндөгү” - сунушун угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жөнүндө Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы №46 мыйзамы менен күчүнө кирген Кодекстин 1-статьясынын 2-2 пунктарын жетекчиликке алып, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:
1. Кош-Көпүрө участкасындагы 11,30 га жер аянтына Ала-Бука айылынын башкы планынын негизинде көп кабаттуу үй курууга макулдук берилсин.
2. Макулдук берилиген келечектеги көп кабаттуу турак жай курулушуна инвесторлорду тартуу жана жергиликтүү ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин;
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин өндүрүш, транспорт, коммуникация, тазалык жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы
Умаров А.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики»Закон · 02.06.1999 · № 46 · Утратил силу