Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ала-Бука айылдык кеңешинин «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндө» токтому
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2021-жылдын 21-январы № 1/8 Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы №602, 2016-жылдын 18-ноябрындагы №599, 2019-жылдын 15-февралындагы №55 токтомдорунун редакцияларына ылайык бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобону жетекчиликке алуу менен ”Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:
1. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Типтүү жобого ылайык Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиясы төмөнкү курамда түзүлсүн:
- Мамырбеков Амангелди - айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы.
- Н.Аскаров Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссиясынын төрагасынын орун басары.
- Г.Атамкулова айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы.
Т.Аширов айыл өкмөтүнүн адиси, аукционду алып баруучу, комиссиянын мүчөсү.
- Ж.Эргешов райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси, комиссиянын мүчөсү.
- А.Парпиев айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
- К.Масалбеков айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
- Б.Орозбаев Ала-Бука айлынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү.
- Р.Ниязматов Достук айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү.
- И.Дадаев Сары-Талаа айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү.
- Г.Чотбаев айыл өкмөтүнүн салык кызматкери, комиссиянын мүчөсү.
- А.Исматов айыл өкмөтүнүн салык кызматкери, комиссиянын мүчөсү.
- А.Бекмурзаев айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси, комиссиянын мүчөсү.
3. Комиссия курамына мыйзам чегинде иш алып баруу тапшырылсын.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрагасы
Умаров А.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.