# Жылалды айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26-мартындагы № 26 "Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагында жашоочу атуулдарга жеке менчик үй куруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жылалды айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26-мартындагы № 26 "Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагында жашоочу атуулдарга жеке менчик үй куруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 26
- Дата принятия: 26.03.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 26.03.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/135676>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-11758/edition/1200674/ru>

> Текст приведён по редакции от 26.03.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жылалды айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26-мартындагы № 26 "Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагында жашоочу атуулдарга жеке менчик үй куруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө" токтому (ред. от 26.03.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/135676

---

ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXV сессиясы 2021-жылдын 26-марты № 26 Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагында жашоочу атуулдарга жеке менчик үй куруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXV сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы №292 токтомунун негизинде Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагында жашоочу атуулдардын арызын канааттандыруу максатында айыл өкмөтүнүн жер адиси Ж.Кабыловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы №292 токтомунун негизинде турак жай куруу боюнча трансформация болгон айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун эсебинде турган Красный-Маяк айылынан 13,7га жер аянтынан берилген турак жай тилкесинен, 1,70га жер аянты жетпей жаткан жер тилкесин, Жылалды айылынын Макаренко участкасындагы №512 контурунан 1,70га жер тилкесин бөлүп берүү үчүн макулдук берилсин.

2. Керектүү иш кагаз документтерин даярдап берүү жагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мекемесинин Өзгөн филиалынан жана Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминдеги уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы суралсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу жер маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:

М.Акназаров
