# Жылалды айылдык кеңешинин 2021-жылдын 18-августундагы № 11 "Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 2021-жылдын 8-айына карата аткарылган иштери жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жылалды айылдык кеңешинин 2021-жылдын 18-августундагы № 11 "Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 2021-жылдын 8-айына карата аткарылган иштери жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 11
- Дата принятия: 18.08.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 18.08.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/135643>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-11726/edition/1200500/ru>

> Текст приведён по редакции от 18.08.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жылалды айылдык кеңешинин 2021-жылдын 18-августундагы № 11 "Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 2021-жылдын 8-айына карата аткарылган иштери жөнүндө" токтому (ред. от 18.08.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/135643

---

ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү III сессиясы 2021-жылдын 18-августу № 11 Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 2021-жылдын 8-айына карата аткарылган иштери жөнүндө Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү III сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери К.Кочконованын, Б.Сапарбаеванын, Б.Муратованын 2021-жылдын 8-айына карата аткарылган иштери боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2009-жылдын 24-июнундагы №198 Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө (2011-жылдын 8-августундагы №150, 2014-жылдын 30-майындагы №82, 2021-жылдын 23-мартындагы №38 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Мыйзамынын негизинде Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 2021-жылдын 8-айына карата бала бакча директорлорунун (К.Кочконованын, Б.Сапарбаеванын, Б.Муратованын) аткарылган иштери боюнча маалыматтары канааттандыраарлык деп табылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:

М.Акназаров
