Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жылалды айылдык кеңешинин «Билим берүү мекемелеринин 2020-2021-окуу жылында аткарылган иштери жөнүндө» токтому
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү III сессиясы 2021-жылдын 18-августу № 10 Билим берүү мекемелеринин 2020-2021-окуу жылында аткарылган иштери жөнүндө Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү III сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу билим берүү мекемелеринин жетекчилери А.Жунусбаевдин, У.Эшенкулованын, Н.Абдыкеримованын, Д.Алымбаеванын 2020-2021-окуу жылында аткарылган иштери боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2003-жылдын 30-апрелининдеги №92 Билим берүү жөнүндө (2017-жылдын 22-февралындагы №32, 2017-жылдын 23-майындагы №84, 2017-жылдын 8-июнундагы №100 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 2-бөлүмдүн 16-беренесинин негизинде Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу билим берүү мекемелеринин 2020-2021-окуу жылында мектеп директорлорунун (А.Жунусбаев, У.Эшенкулова, Н.Абдыкеримова, Д.Алымбаева) аткарылган иштери боюнча маалыматтары канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:
М.Акназаров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 4 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (4)
- Закон «Об образовании»Закон · 30.04.2003 · № 92 · Утратил силу
Показаны 1 из 4. Полный список - в панели ссылок.