# Корул айылдык кеңешинин 2021-жылдын 23-мартындагы № 47/4 "Тогуз-Булак айылынын тургуну Жакыпов Шайырбектин суроо талабын канааттандыруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Корул айылдык кеңешинин 2021-жылдын 23-мартындагы № 47/4 "Тогуз-Булак айылынын тургуну Жакыпов Шайырбектин суроо талабын канааттандыруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 47/4
- Дата принятия: 23.03.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 23.03.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/135580>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-11670/edition/1199547/ru>

> Текст приведён по редакции от 23.03.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Корул айылдык кеңешинин 2021-жылдын 23-мартындагы № 47/4 "Тогуз-Булак айылынын тургуну Жакыпов Шайырбектин суроо талабын канааттандыруу жөнүндө" токтому (ред. от 23.03.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/135580

---

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Корул айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 47-отуруму 2021-жылдын 23-марты № 47/4 Тогуз-Булак айылынын тургуну Жакыпов Шайырбектин суроо талабын канааттандыруу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011-жылдын 16-ноябрындагы №213 мыйзамынын 13-бөлүгүнүн 77-беренесинин 7-пунктуна таянып, Тогуз-Булак айылынын тургуну Жакыпов Шайырбеке көрктөндүрүү үчүн жер аянтын чектеп берүү жөнүндө Корул айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тогуз-Булак айылынын тургуну Жакыпов Шайырбеке Тогуз-Булак көпүрөсүнүн жанындагы таштанды ташталган сайды 5 жылдык мөөнөткө көрктөндүрүү үчүн 0,10 га жер аянты чектелип берилсин. Эгер эки жыл ичинде өздөштүрүлүп, көрктөндүрүлбөсө чектелип берилген жерди алып коюу жагы каралсын. Көрктөндүрүлгөн бак-дарактын тең жарымына айыл өкмөтү ээлик кылат.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Корул айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке милдеттендирилсин.

Корул айылдык кеңешинин төрагасы:

Т.Маназаров
